БИШКЕК, 27-май — Sputnik. ЕЭК кеңеши ЕАЭБдин "Ташуу жана (же) пайдалануу үчүн даярдалган газдын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөр ишкерлер үчүн ашыкча тоскоолдуктарды жоюуга жана газдын шайкештигин баалоодогу талаштуу практиканы жөнгө салууга багытталган.
"Эми газды түтүктөр аркылуу жеткирүүдө анын сапатын өлчөөчү атайын автоматтык жабдууларды колдонууга болот. Аталган жабдуулар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарына шайкеш келсе, алар лабораториялык анализдин ордуна колдонулушу мүмкүн. Газдын сапатын өз лабораториясында, автоматтык жабдуулар аркылуу же ЕАЭБдин расмий тизмесиндеги аккредитацияланган лабораторияларда текшерсе болот", — деп билдиришти ЕЭКтен.
Мындан сырткары, эми техникалык регламент өндүрүүчүнүн өз керектөөсүнө же транзит аркылуу үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн чет элдик газга колдонулбайт.
"Өзгөртүүлөрдүн айрым бөлүгү продукциянын коопсуздугуна тиешеси жок, бирок административдик жана финансылык жүктү жараткан талаптарды алып салууга багытталган. Бул өзгөчө ЕАЭБ ичинде бир өлкөдөн экинчи өлкөгө чек ара аркылуу газ жеткирген сатуучулар үчүн маанилүү", — деди ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий.