Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи Украина боюнча меморандумда эмнелер жазылганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Украина боюнча меморандумда жаңжалды жөнгө салуунун негизги принциптери жана мөөнөттөрү көрсөтүлөрүн РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
РИА Новости анын башкы тезистери төмөнкүдөй экендигин жазды:
Москва болочок тынчтык келишими боюнча меморандумдун долбоорун иштеп чыгууда;
меморандум даяр болгондон кийин украин тарапка берилет;
Россия Киев да өз сунуштарын Москва менен бир убакта жөнөтөт деп үмүттөнөт;
Киев жүргүзүп жаткан чабуулдары менен "күч колдонуу позициясында" туруп сүйлөшүүлөрдү жүргүзө аларын көрсөтүүгө аракет кылууда, бирок келип эле өзүнүн алсыздыгын көрсөтүүдө;
Пекин Киевдин кытай товарлары Россиянын аскердик заводдоруна жеткирилүүдө деген негизсиз айыптоолоруна жана саясий манипуляцияларга каршы чыгууда.
"Күн сайын жаңы нерселер болуп жатат. Буга чейин чоң кыйынчылык менен жеткен макулдашууларды, анын ичинде Стамбул диалогунун алкагындагы келишимдерди Киев тарап эмне кылып салганын карагылачы", — деди Захарова.
Эскерте кетсек, РФ лидери Владимир Путиндин сунушу менен 15-майга Стамбулда өтөт деп белгиленген жолугушуу Украина тарап келбей коюп өтпөй калган. Сүйлөшүүлөр эртеси болду. Россия делегациясын баштап барган президенттин жардамчысы Владимир Мединский натыйжада Украина менен 1000ге 1000 масштабындагы туткун алмашуу жүрөрүн, Киев президенттердин жолугушуусун суранып, Россия бул сунушту эске аларын айткан. Мындан сырткары, тараптар ок атууну токтотуу шарттарын ар бири өзүнүн көз карашы менен жазып чыгууга макулдашып, Россия Украина менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билдирди.
19-майда кечинде Путин менен Дональд Трамп эки сааттан ашуун телефондон сүйлөшкөн. Россиялык лидер андан кийин Москва Киев менен тынчтык меморандумун түзүү боюнча иштөөгө даярдыгын билдирип, ага ок атууну токтотуу да камтылышы мүмкүн экенин белгилеген.
Өз кезегинде Ак үйдүн ээси кырдаалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, Россияга каршы санкция салынбай турганын жар салган.
"Мен чечем". Трамп Зеленскийдин Россияга санкцияны күчөтүү чакырыгына жооп берди