"Тополь" комплекси жана анын сапары. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Мындан 37 жыл илгери 27-майда ракеталык комплекстерден турган легендалуу "Тополдун" биринчи полку нөөмөткө чыккан. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Анын жаңыланган "Гранит" деп аталган командалык пункту болгон.
Жаңы мобилдүү континенттер аралык ракеталык комплекс 1976-жылы иштелип чыга баштаган жана ошол эле маалда СССРдин бир нече коргонуу өнөр жай жаатындагы ишканаларында жүргүзүлгөн. Бул жаңы курал өлкө үчүн абдан маанилүү болгондуктан, ал толук сыноолор жүргүзүлүп бүткөнгө чейин эле, тагыраагы, үч жыл мурда аскердик бөлүктөргө жөнөтүлө баштаган.
Алгачкы комплекстер 1985-жылы 23-июлда нөөмөткө чыгып, ал эми расмий түрдө Куралдуу күчтөр тарабынан 1988-жылдын 1-декабрында кабыл алынган.
"Тополь" совет доорундагы эң кеңири тараган мобилдүү ракеталык комплекс болуп, НАТО өлкөлөрүнүн өзөктүк куралдануусун токтотуу саясатын ишке ашырууда, бул жааттагы күрөштө маанилүү роль ойногон. Айбаттуу бул техникалардын 1997-жылы ракеталарды учура турган системасы 386га жеткен.
"Тополь" долбоору жана аны жасоо боюнча маалыматтардын бардыгы ачык айтыла бербейт. Анын мүнөздөмөсү да үстүртөн эле айтылып келет. "Тополдун" ордуна кийинчерээк жаңы муундагы комплекстер: "Тополь-М" жана "Ярс" келди.
Каршылашынын тополоңун тоз кыла турган айбаттуу "Тополь". Видео