БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Сокулук районунун акиминин мурдагы орун басары Р.И.А. менен анын өкүл баласы А.М.Д. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр 990 гектар жерди 25 жыл мыйзамсыз пайдаланып жүрүшкөн.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"Аудитордук текшерүү жүргүзүлүп, Сокулуктагы бул жер участокторун мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында мамлекетке 2000-жылдан бери 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени маалым болду. Алар бул жердеги кампаларды, өндүрүштүк базаны да мыйзамсыз менчиктештирип алганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
УКМК Р.И.А. менен анын жакын туугандарына 54 кыймылсыз мүлк катталганын кошумчалады. Анын ичинде Бишкекте элиталык турак үйлөрдөгү батирлер, Сокулукта соода жайлары, Чолпон-Атада "Келечек" пансионатынын аймагындагы коттедж бар.
"Коррупция" фактысы боюнча иш козголуп, мурдагы орун басар менен өкүл баласы камалды.