Генетикалык анализ функциясы болот. Кыргыз санжырасынын тиркемеси иштелип чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргыз санжырасын изилдөөгө ылайыкталган мобилдик тиркеме даярдалды. Бул тууралуу "Кырылгыз" компаниясынын өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти.
Компания өкүлдөрүнүн айтымында, учурда "GEN – кыргыз санжырасы" тиркемесинде 800 миңге жакын адамдын маалыматы камтылган, 2026-жылдын ортосуна чейин бул санды 2 миллионго жеткирүү пландалууда.
Колдонуучулар ата-бабаларынын, ошондой эле белгилүү инсандардын, мисалы, президент Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин санжырасын көрө алышат. Бүгүнкү күндө 500 миңге жакын адамдын XV кылымга чейинки санжырасы калыбына келтирилген.
Тиркемеге жакын арада генетикалык анализ функциясы да кошулат. Компаниянын негиздөөчүсү Антон Мироновдун айтымында, колдонуучулар генетикалык тест тапшырып, этникалык курамы жана кайсы ооруга жакындыгы тууралуу маалымат ала алышат. Ошондой эле аялдардын санжырасын, кыйылган никелерди жана урпактар тууралуу маалыматтарды камтуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Компания келечекте тиркемеге тогуз коргоол, устукан тартуу сыяктуу салттуу элементтерди да кошууну пландап жатат. Долбоор коммерциялык эмес негизде жүргүзүлүп, кыргыз элинин маданий мурасын сактоону жана жаштарды ата-тегин изилдөөгө үндөөнү максат кылат.
Жети-Өгүздө алгачкы "Санжыра музейи" ачылат