Дагы бир кыргызстандык айым Эверестти багынтты

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ишкер жана альпинист Рысгүл Акимжанова Эверест чокусун багынтты. Бул тууралуу анын жолдошу, депутат Эмил Токтошев кабарлады.
Анын айтымында, учурда спортчу ылдыйкы лагерлерге түшүп келе жатат.
Акимжанова Непал убактысы боюнча саат 04:40та (Бишкек убактысы менен таңкы 05:00дө) 8 848 метр бийиктикке чыгып, Эвересттин чокусунда өлкө желегин желбиреткен экинчи айым болду.
Бул альпинисттин экинчи сапары, биринчисинде масатына жете албай калган. Өзүнүн айтымында, ага кычкылтектин тартыштыгы себеп болгон.
Акимжанова Эверестти багынткан экинчи кыргыз айымы болуп калды. Буга чейин Асел Байбагышева чокуга чыккан.
Эверестти багындырган Асел Байбагышева Кыргызстанга кайтып келди. Сүрөт