Өлкөдө биринчи ирет киберспорттук турнир өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик органдардын арасында киберспорттук турнир өтөт. Бул туурасында Gov.Games турниринин уюштуруучусу Бермет Самсалиева кабарлады.
Gov.Games алкагында мамлекеттик кызматкерлер атактуу болгон Dota 2 жана Counter-Strike 2 оюндарын ойношмокчу. Бир мамлекеттик органдан экиден ашык команда катышканга болбойт.
Турнир 3-июнда башталат, финалдык беттештер 14-июнга белгиленген. Башкы демөөрчү жарыштын байге фондуна 20 миң доллар бөлгөн.
Кыргызстан киберспорт боюнча тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн сап башында турарын бул жааттагы адистер белгилеп келишет.
Кыргызстандын DOTA 2 боюнча командасы чемпионатка чыкты