Жалал-Абад шаарында бала бакчадан өрт чыгып, 32 бала эвакуацияланды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарында бала бакчадан өрт чыгып, 32 бала эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алишер Навои көчөсүндөгү жеке бакчанын ашканасынан өрт чыкканы тууралуу маалымат саат 11:48де түшкөн.
"Өрттү өчүрүүгө шаардан эки бөлүм тартылып, бакчадагы 32 бала куткаруучулар тарабынан эвакуцияланып, газ баллондор коопсуз аймакка чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Өрт жалмаган аймактын жалпы аянты 120 чарчы метрди түзгөнү кошумчаланды.
Жалал-Абад: Сузакта мектеп өрттөнүп кетти. Видео