Балдын дарылык касиети тууралуу такталбаган маалымат жайылтууга тыюу салынат. Жобо

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Балдын дарылык касиеттери тууралуу такталбаган маалыматтарды жайылтууга тыюу салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тиешелүү жобосунда айтылган.
Аталган документте аарычылык тармагын жөнгө салуу жана балдын коопсуздугу менен сапатын камсыз кылуу үчүн жаңы эрежелер бекитилди.
Аларга ылайык, аары фермасы жана бал челек милдеттүү түрдө каттоого алынып, идентификациядан өтөт. Челектер ачык түстө (көк, сары, жашыл, кызгылт сары) боёлуп, номер берилип, жалпы санынан кеминде 10 пайыз кошумча уюк болушу зарыл.
"Көчмө аары фермалары гречка, күн карама же беде өскөн аймактарда жайгашып, башка фермалардан 1,5-3 чакырым аралыкта болушу керек. Алар ветеринардык паспорт жана жергиликтүү бийликтин уруксатын алышы шарт. Жаңы алып келинген аарылар изоляцияланган жайда 30 күндүк карантинден өтөт", — деп жазылган документте.
Ошондой эле балдын сапатына карата талаптар күчөтүлдү. Анын курамында бөтөн заттар, тамак-аш кошулмалары, кычкылдануу же көгөрүү белгилери болбошу керек. Балдын дарылык касиеттери тууралуу такталбаган маалыматтарды жайылтууга тыюу салынды.
Балдын сапатына жооптуу өндүрүүчүлөр, сатуучулар же өкүлдөр продукциясы талаптарга жооп бербесе кемчиликтерди жоюуга, жараксыз продукцияны жок кылууга жана чыгымдарды өз эсебинен төлөөгө милдеттүү.
Ал эми балдын иденцификациясы алынган жерине жараша жүргүзүлөрү документте айтылган.
Радио
Балчылардын сабаттуулугун жакшыртууга көңүл буруу керек