Бишкекте коррупцияга шектелип мектептин мурдагы директору кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Борбор калаадагы №29 мектептин К.М.Ж. аттуу мурдагы директору коррупцияга шектелип кармалгандыгын УКМКдан билдиришти.
Экс-жетекчинин ата-энелер комитетинин төрагасы болуп туруп, балдарды мектепке акча менен киргизип жүргөнү айтылды.
"Ата-энелерден жасалма документтерди алып, 86 арызды электрондук кезекке коюп бергени аныкталды. Жыйынтыгында төрт дарек боюнча бир мектепке 86 бала катталган", — деп айтылган маалыматта.
Атайын кызматтан К.М.Ж. иштин жабылышы боюнча УКМК кызматкерине 100 миң сом пара сунуштап, электрондук капчыгына которгонун кошумчалашты. Учурда бул сыяктуу фактылардын бар-жогун аныктоо үчүн башка мектептерде дагы текшерүү жүрүп жатат.
Мектепке жасалма документ менен катталгандар аныкталып, УКМК текшерүүнү баштады