БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Киев режими Россиянын тынч жаткан калкына сокку уруу менен сүйлөшүүлөрдү "күч позициясынан" туруп өткөрө аларын көрсөткүсү келүүдө, бирок чынында пастыгын ашкерелеп жатат. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Алар согуш талаасында жоготууга учурап жатканын жакшы түшүнүп, жай тургундарга сокку уруп жатышат. Киев режими мындай террордук ыкмалары менен сүйлөшүүлөрдү күч позициясынан туруп өткөрүүгө дарамети жетерин көрсөтмөкчү. Чынында колунан эч нерсе келбей турганын далилдеп, пастыгын айгинелөөдө", — деди Захарова.
Анын айтымында, Россиянын тынч жаткан элине сокку ургандар акыры жазасын алат.