БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкекте милиция кызматкери ажатканага тапанчасын унутуп кеткен. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 23-майда болгон. Аны 28 жаштагы киши таап алып, 26-майда кайтарып бергени айтылды.
Факт боюнча "Шалаакылык" беренеси менен иш козголуп, иликтөө жүрүүдө.