БИШКЕК, 27-май — Sputnik. 2025-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн 150 миллион доллар бөлөт.
Фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков фонддун кеңеши 95 миллион доллардан ашык суммага алты арызды жактырганын билдирди.
"Алардын арасында өнөр жай кооперациясы жана "Кыргыз темир жолу" үчүн өнөр жай платформаларынын долбоорлору, кант тармагын колдоо, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү жакшыртууга багытталган долбоорлор бар", — деди Новиков.
РКӨФ кеңешинин төрагасы, Россиянын финансы министринин орун басары Тимур Максимовдун айтымында, 2024-жылы фонддо максималдуу операциялык киреше катталып, инвестициялык портфель көбөйүп, рекорддук натыйжалар болгон.
"Өткөн жылы фонд чоң ийгиликтерге жетти, бирок бул чек болбошу керек. Биз жакынкы жылдарда долбоорлорду каржылоонун жаңы деңгээлине чыгарыбызга ишенебиз", — деди Максимов.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков фонд менен кызматташуу стратегиялык мааниге ээ экенин, анткени ал экономикалык өсүштүн маанилүү куралы болуп калганын белгиледи.
"Өткөн жылы 102 өнөр жай ишканасы ачылды, быйыл дагы 128 ишкана ишке киргизилет. РКӨФ өлкө жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууда жана стратегиялык маанилүү долбоорлорду каржылоодо биз үчүн негизги өнөктөш бойдон калууда", — деди Сыдыков.