БИШКЕК, 27-май — Sputnik. 20-27-май күндөрү Россиянын нөөмөттө турган абадан коргонуу каражаттары учкучсуз учкан 2 331 аппаратты атып түшүргөн. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматта атайын аскердик операция жүрбөгөн аймакта 1 465 дрон жок кылынганы айтылат.
"Украиналык учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунун натыйжасында жай тургундар, аялдар, балдар жабыркады", — деп жазылган кабарда.
Министрлик чабуулдун күчөшү Киевдин Москва демилгелеген сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу аракетине байланыштуу деген пикирде.
Россия Киевге жооп иретинде Украинанын аскер базалары менен коргонуу өнөр жайына сокку урган.
26-май күнү жогорку тактыктагы курал менен жасалган соккунун натыйжасында Хмельницкий облусундагы аэродромдун инфраструктурасы, Харьков облусу менен Донецкиде жайгашкан эки механизациялаштырылган бригаданын ок-дарысы сакталган кампалар, С-300 зениттик-ракеталык дивизионунун башкаруу пункту жана Украина Куралдуу күчтөрүнүн Одессада убактылуу жайгашкан бөлүгүнүн пункту талкаланган.
"Россиялык аскерлер Украинанын терактыларына жана түрдүү чагымына жооп иретинде сокку уруусун улантат", — деп айтылат Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө.