БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Шаршембиде жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 20…25, Талас өрөөнүндө 16…21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл жеринде 18…23, Нарын чөлкөмүндө 15…20 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 21…23, Ош шаарында 24…26 градусту көрсөтөт.