Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украина АКШнын артыкчылык берген маселеси болуудан калды

Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Украинаны артыкчылык берген маселелер тизмесинен алып, продукция алууга дилгир көп кардардын бирине айлантты. Бул тууралуу Economist журналы жазганын РИА Новости кабарлады.
"Украина Байдендин (АКШнын экс-президенти) тушундагыдай артыкчылык берилген маселелердин катарынан алып салынды. Кеп ушунда. Киев Дональд Трамп бийликке келгенден бери аскердик продукция алуу үчүн бири-бирине атаандашкан көп кардардын бири болуп калды", — деп айтылат макалада.
Буга чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Владимир Зеленский абадан коргонуу каражаттарын, көбүнесе Patriot системаларын сураганын айткан болчу. Левиттин айтымында, Трамп варианттарды караштырып көрүүгө макул болгон.
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү кырдаалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин тирешүүгө түз кийлигиштирип жатканын башынан эле айтып келет. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинага курал-жарак ташыган транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирүү менен чектелбестен, Улуу Британия, Германия жана Италияда кадр даярдоо менен да жаңжалга түз аралашып жатат. Кремль Батыштын Киевди курал-жаракка шыкоосу сүйлөшүүгө кедергисин тийгизерин бир нече ирет билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Ооз ачпаганы жакшы эле". Трамп Зеленский тууралуу кескин айтты