БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Арменияга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында ал Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, парламенттер аралык кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкуулайт.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Муну менен катар жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар да мерчемделгени айтылды.
Делегациянын курамында депутаттар: Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Ырысбек Атажанов, Элмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев жана Жаныбек Кыдыкбаев бар экени кошумчаланды.