Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу аймактарда сел жүрөрү айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Мындай кооптуулук бүгүн, эртең күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам болушу мүмкүн экени айтылды.
"Арыктарды, сел каналдарын тазалап, селди алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өзгөчө кырдаалга кабылгандар 112 акысыз кызматы аркылуу билдире алары кошумчаланган.
Тынч болгула! Милиция ата-энелер менен окуучуларга кайрылды