6-июндан тартып Бишкек — Балыкчы поезди жүрө баштайт

Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. 6-июндан тартып Бишкек — Балыкчы поезди каттамын жандантат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, поезд 6-июлга чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкектен 7:45те чыгып, 12:16да Балыкчыга жетет. Ал эми 7-июлдан сентябрга чейин күн сайын жүрөт.
Билет баасы:
5 жашка чейинкилер — акысыз;
5-10 жаштагылар — 73 сом (жөнөкөй), 250 (люкс), 400 (VIP) сом;
10 жаштан жогору — 150 сом (жөнөкөй), 500 (люкс), 800 (VIP) сом;
Мындан тышкары, алты адамга ылайык VIP-купенин баасы 6000 сом экени, поезд Балыкчынын пляжына чейин барары кошумчаланды.
Чүйдө европалык туристтер бараткан поезд ташка алынып, бир киши жабыркады