Акыркы учурда медиктер кош бойлуулукка даярдануунун кажеттүүлүгү канчалык маанилүү экени тууралуу көп айтышууда. Чынында эле баланын саламаттыгы үй-бүлө үчүн гана эмес, улут, коом үчүн да өтө маанилүү экенин “Ачык кеп” программасынын мейманы Жылдыз Насирдинова белгиледи. Уктуруунун алкагында төрөткө чейинки жана төрөттөн кийин жаралган айрым жагдайлардын себептери, маселени чечүү, даярдануу жана кесепети тууралуу баарлаштык.
Учурда айрым энелер операция жолу менен төрөөгө маани бербей же ортодо убакыт кармабай төрөй бергендиктен көп маселелер жаралып калып жатканын Насирдинова билдирди.