Кыргызстан ЕАЭБдеги негизги кулпунай экспортоочусу боло алабы? - Кулпунайдын кыргыз экономикасындагы орду

Sputnik
Баткен облусунун аймагында өскөн кулпунай бышып ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоло баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул ишти Кадамжайдын Ак-Турпак айылындагы "Кызыл Алтын" айыл чарба кооперативи жасап жатканы кабарланды.
Быйыл өлкөдө кулпунайдын мөмөсү кандай болот? Кулпунайдын экспорту кандай жолго коюлган? Экспортко чыгууда эмнени эске алуу керек?
Ушул жана башка суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси Райла Кабылова жооп берди.