Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия менен Украина "1000ге 1000" туткун алмашуу процессин аяктады

Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россия менен Украина Стамбулда макулдашкан "1000ге 1000" туткун алмашуу этабын аяктады. РИА Новости РФ Коргоо министрлигине таянып, тараптар 303 аскерин башма-баш алмашканын кабарлады.
Алмашылган россиялык жоокерлер учурда Беларустун аймагында, аларга психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Буга чейин Киевдин көзөмөлүндөгү аймактан 307 россиялык аскер кайтарылган. Туткун алмашуунун биринчи этабы 23-майда башталып, Россияга 270 аскер кызматкери жана 120 жай тургун кайтарылган. Анын ордуна Украина тарапка 270 аскери менен 120 жай тургуну берилген.
Алмашуу "1000ге 1000" форматында болууда, бул келишим 2022-жылдан бери биринчи жолу өткөн түз сүйлөшүүлөрдө жетишилген.
Стамбул диалогу: РФ делегациясы Россия — Украина кабыл алган чечимди айтып берди