БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Чүйдөгү Кожомкул айылында 50дөй окуучу мушташа кеткенин облустук ИИБ кабарлады.
Өспүрүмдөр мушташып жаткандыгы тууралуу кабар милицияга кечээ кечинде түшкөн. Тартип сакчылар жерине барганда эч ким болгон эмес, бирок күбөлөр маалыматты тастыкташкан.
Милициянын айтымында, Новопавловка (Бишкекке карайт) менен Кожомкул (Чүй облусу) айылдарынын 8-9-класстарынын окуучулары мушташкан. Ага эки окуучунун чыры себеп болгону маалым. Үч окуучу жабыркап дарыгерлерге кайрылган. Ата-энелер менен сүйлөшүүлөр жүрүп, текшерүү уланууда.