БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого кеткен 28 жаштагы киши бир жумадан бери дайынсыз болууда. ӨКМ бүгүн аны издөөгө 41 куткаруучу чыкканын кабарлады.
Ж.Э. аттуу киши 19-майда кечке маал балык уулоого кетип, кийинчерээк кайырмагы суунун жээгинен табылган. Өзү дайынсыз болууда.
Министрлик кошумча маалымат берилерин айтты.