Тынч болгула! Милиция ата-энелер менен окуучуларга кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Чүй облустук милициясы акыркы коңгуроого карата ата-энелер менен окуучуларга кайрылды.
Мекеме бул күн ар бир баланын жашоосундагы маанилүү ирмем экенин белгилеп, аны тынч, коопсуз өткөрүүнү суранды.
Милиция окуучуларга коомдук тартипти сактап, укук бузууларга жол бербей, спирт ичимдиктерин жана башка тыюу салынган заттарды колдонбоону эскертет. Ал эми ата-энелер бул күнү балдардын жанында болуп, өзгөчө унаанын ачкычын бербеши керек.
Быйыл Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда саат 9:00дө өтөт.
9-11-класстар жыйынтыктоочу экзамендерди качан тапшырат. Мөөнөтү