Айрым жерлерде жамгыр катуу жаайт. Бир аптага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызгидромет 26-майдан 2-июнга чейин өлкөдө күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун таратты.
Чүй, Талас
26-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу болору айтылды. Андан кийинки күндөрү жамгыр айрым жерлерде, тоолуу райондордо жаашы ыктымал. 26-27-майда кээ бир жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Апта ичи республиканын түштүк аймактары жаан-чачындуу болот. 27-майда айрым жерлерде катуу жамгыр жаашы ыктымал. Кыргызгидромет калган күндөрү өрөөндөрдө күн ачык болуп, тоолуу, тоо этектериндеги райондордо өткүн өтөрүн билдирди. 26-27-май күндөрү катуу шамал болору божомолдонду.
Ысык-Көл, Нарын
Синоптиктер 26-27-майда көпчүлүк жерлерде жаан-чачын болуп, айрым жерлерде жамгыр катуу жаай турганын эскертти. Шаршемби, бейшемби күндөрү кээ бир жерлерде жаан жааса, 30-31-майда кайрадан көпчүлүк райондордо жамгыр жаайт. 1-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-27-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Жаан-чачын аз, ысык болот. Июнга карата аба ырайынын божомолу