Футболчу Гүлжигит Алыкулов Россиянын премьер-лигасында ойнойт

Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын футболчусу Гүлжигит Алыкулов кийинки сезондо Россиянын премьер-лигасында ойнойт.
Ал келишим түзгөн Москванын "Торпедо" клубу биринчи лигада экинчи орунду ээлеп, түз эле Россия футболунун жогорку дивизионуна өткөн.
Команда акыркы жолу Россиянын премьер-лигасында 2022-2023-жылдардагы сезонунда ойногон.
Алыкулов "Торпедого" быйыл январда кошулган. Москвалык клуб менен келишим 2027-жылга чейин түзүлгөн.
Кыргыз балбандары Индиядагы мелдештен 23 медаль утту. Сүрөттөр