БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Чүйдө массалык ур-токмокко алып уюштурулган кол салуу болду деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу облустук ИИБ билдирди.
Милиция кечээ, 24-майда, окуучулар ортосунда чыр болгонун, бирок соцтармакта айтылып жаткандай уюштурулган кол салуу жана "жаштар тренди" болбогонун билдирди.
Милиция элди дүрбөлөңгө салып, жалган маалымат таратуудан оолак болууга чакырууда. Чагымчыл маалымат тараткандарга жоопкерчилик каралганы эскертилди.