26-майга карата аба ырайы

26-майга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй аймагында 19…24, Таласта 16…21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 23…28, Ысык-Көл өрөөнүндө 18...23, Нарын жеринде 17…22 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүн табы 21…23, Ош шаарында 25…27 градус болот.
Жаан-чачын аз, ысык болот. Июнга карата аба ырайынын божомолу