БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Россия менен Украина Стамбулда макулдашкан боюнча туткундарды массалык алмашууну баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мурун айтылгандай, процесс бир нече этап менен өтөт. Биринчи 1000ге 1000 этабынын алкагында 390дон туткун алмашты.
"Россиялык 270 аскер жана 120 жай тургун, анын ичинде Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан туткунга алынган Курск облусунун жашоочулары Россияга кайтышты. Ошондой эле Киевге дагы 270 аскери менен 120 жай тургуну кайтарылып берилди", — деп билдирди РФтин Коргоо министрлиги.
Россия демилгелеген ири алмашуу процесси жакын арада уланары айтылды.
Буга чейин Россия менен Украина 1000ге 1000 кылып (башма-баш) туткун алмашуу боюнча Стамбулда макулдашкан.