БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россия менен Украина Стамбулдагы макулдашуу боюнча дагы 307 туткун менен алмашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, алмашуу башма-баш жүргүзүлгөн. Учурда кайтарылган аскерлер Беларуста экени айтылды.
Россиянын Коргоо министрлиги туткун алмашуу жакынкы күндөрү улантыларын айтты. Кечээ, 23-майда, биринчи этапта 270 аскер жана 120 жаран кайтарылган.
Алмашуу 1000ге 1000 форматында өткөрүлүүдө, бул келишим 2022-жылдан бери биринчи жолу өткөн түз сүйлөшүүлөрдө жетишилген.