Өзгөндө мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 24-май. — Sputnik. Өзгөндө мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2001-жылы шаардык мэрия автобекет курууга жер бөлүп, кийин ал участок "Тулпар" ишканасына туруктуу пайдалануу укугу менен жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн берилген.
"Кийин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча райондук башкармалыктын кызматкерлери ишканага мамлекеттик актыны мыйзамсыз бергени такталган", — деп жазылат кабарда.
"Тулпар" ишканасынын акционерлери автобекеттин мыйзамсыз менчиктештирилгенин мойнуна алышып, 41 сотых жерди шаардык мэриянын балансына өткөрүп бергени кошумчаланды.
Караколдо соода базасы 2,52 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды