Айрым оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө уруксат берүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Депутат Бактыбек Чойбеков аймактардагы ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө уруксат берүүнү сунуштады.
Буга чейин мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларга жеке клиникаларда бир убакта иштөөгө тыюу салынган. Кийин Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов бул чечим шашылыш болгонун, анткени аймактарда дарыгерлер кетип жатканын айткан.
Чойбеков мына ошол жетекчи дарыгерлер менен бөлүм башчыларына салынган тыюуну Бишкек менен Ош шаарларында калтырып, аймактардагыларга жеке клиникаларда иштөөгө уруксат берүүнү демилгеледи.
Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунун негиздемесинде мындай тыюу аймактардагы кадр жетишсиздигине жана айрым бөлүмдөрдүн жабылышына алып келгендиги айтылды.
Министрлик Травматология жана ортопедия улуттук борборунун курулушун көрсөттү