Былтыр кыргызстандыктардын кирешеси 12,9%га өсүп, 881,9 млрд. сомго жетти

Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстандын калкы 2024-жылы 926 миллиард сом акчалай киреше тапты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга көп.
"Жогорулап жаткан керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептегенде реалдуу акчалай киреше 881,9 миллиард сомду түзүп, өсүш 12,9 пайыз болгон. Кирешенин 73,2 пайызын калк эмгек ишмердигинен тапкан, бул 678 миллиард сомго туура келет. Калган бөлүгү социалдык трансферттерден, жеке көмөкчү чарбалардан жана башка булактардан түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
2024-жылдын биринчи чейрегинде жан башына эсептелген орточо киреше 11 миң 318 сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 16,5 пайызга жогорулаган.
Кыргызстандыктардын кирешеси былтыр канчага өскөнү белгилүү болду