БИШКЕК, 24-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп 50 пайыздык бажы алымын киргизүү менен Европадагы өндүрүштү Америкага көчүрүүнү көздөп жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
АКШ лидери Ак үйдө сүйлөп жатып, Европа менен соода келишимине келерине ишенбей турганын билдирди.
“Европа менен соода келишимин түзүүгө үмүт арткан жокмун. Компаниялар өндүрүшүн АКШга көчүрөт же бажы алымын төлөйт”, — деди Трамп.
Анын айтымында, Европанын компаниялары АКШда завод куруп бажы алымдарынан кутула алышат. Ошондой эле Трамп өлкө учурда дээрлик 12 триллион доллар алып жатканын белгиледи.
Президент бул кадамдар конфронтация үчүн эмес, АКШда өнөр жайды жандандыруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында көрүлүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин АКШ президенти Евробиримдик менен соода боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ого эле татаал болгондуктан 1-июндан тарта 50 пайыздык бажы алымын киргизүүнү сунуштаган.
Трамп 2-апрель күнү башка өлкөлөрдөн келген товарга "өз ара" бажы алымын киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын негизги коюму 10 пайыз деп эсептелип, 9-апрелден баштап 57 мамлекет үчүн жогорулаган. Бул АКШнын ар бир өлкө менен жеке соода алакасына жараша эсептелип, таңсыктыктын ордуна тең салмактуулук болушу үчүн жасалган эле. Бирок 9-апрель күнү АКШ лидери 75тен ашуун өлкө жооп кайтарбастан бир пикирге келүүнү сунуштагандыктан, Кытайдан башка өлкөнүн баарына 10 пайыздык бажы алымы пайдаланыла турганын жар салган. Бул чара 90 күнгө созулмакчы болгон.