БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кечээ финансы министрлиги 2 миллиард 250 миллион сом көлөмүндө мамлекеттик облигация чыгарды. Аны жайгаштыруу боюнча аукцион Улуттук банктын сайтына жайгаштырылды.
Беш жылга 850 миллион сомдук облигация 6 пайыз үстөгү менен жайгаштырылган. Ал эми 10 жылга коюлган 1 миллиард 400 миллион сомдук облигациянын үстөгү 8 пайыз экени айтылды.
Төлөмдөр 26-ноябрда жана 26-майда берилери кошумчаланган.
Мамлекеттик казыналык облигация бул мамлекеттин ички булактардан каражат тартуу механизми болуп эсептелет, ошондуктан алар ички мамлекеттик карызга кирет.