БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында тогуз медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Шри-Ланканын Коломбо шаарында өтүп жаткан мелдеште кыргызстандыктар эки алтын, төрт күмүш, үч коло утушкан.
Алтын медалдын ээлери:
Омар Ливаза —63,5 килограмм;
Мырзакир Кошалиев — 92 кг;
Күмүш медаль алгандар:
Алмаз Орозбеков — 67 кг;
Элдар Турдубаев — 71 кг;
Сагын Сатыбалды уулу — 80 кг;
Азим Чойбеков — 86 кг.
Коло медалдын ээлери;
Зафарбек Камилов —54 кг;
Тургунбек Иманкадыров — 57 кг;
Даниел Абдрахманов — 75 кг.
Курама команданы улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетектеп барганы кошумчаланды.