Бишкекте One Run эл аралык жарым марафону өттү. Видео

Бүгүн Бишкекте One Run аталышындагы эл аралык жарым марафон болуп өттү. Иш-чарага 1000ден ашуун шаар тургундары жана коноктор катышты.
Sputnik
Спорт сүйүүчүлөрү 1, 5, 10 жана 21,1 чакырымдык (жарым марафон) аралыкка чуркашты.
Иш-чара Россиянын “Лига героев” уюму тарабынан уюштурулуп, ушул эле күнү Россия, Кытай, Индия, Египет, Армения жана башка өлкөлөрдө да өткөрүлдү.
Бишкектеги марафон Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, мэрия, Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы жана Эл аралык марафон дирекциясынын колдоосу менен уюштурулду.
Тема боюнча:
Бишкекте "Музейдеги түн" акциясы өттү. Видео