Бишкекте майып кызды зордуктоого шектүү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекте 1-топтогу майып кызды зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Милицияга 21 жаштагы жабырлануучунун апасы арыз жазган. Анда айтылгандай, 21-май түнү жаңы конуштардын биринде кызды чала таанышы унаага алдап отургузуп, зордуктаган.
Иш козголуп, шектүү катары 21 жаштагы К.Д. кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
ЖК майыптарга жасалган сексуалдык кылмыш үчүн жазаны күчөткөн мыйзамды кабыл алды