БИШКЕК, 24-май. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Алматы шаарында катуу сабалды деген кыргызстандыктын окуясы боюнча маалымат берди.
Окуя былтыр декабрда болуп, коомчулукка эми гана ачыкталууда. Соцтармактагылардын жазганына караганда, Азиз аттуу жигит барда иштеген тааныш кызына барып, аны кире бериште күтүп турган. Кафенин күзөтчүсү ага орой мамиле кылып, элдин кирип-чыкканына тоскоол болуп жатканын айтып, кетишин талап кылган. Андан соң күзөтчү аны милициянын көзүнчө чаап жиберген.
"Күзөтчү Азизди күтүүсүздөн бир нече жолу чапканда ал эсин жоготуп жатып калган. Дарыгерлер башынан катуу жаракат алганын айтып, Азиз 10 күн комада жаткан. Ал эми күзөтчү азыркыга чейин эркиндикте", — деп жазышкан жабыркаган жигиттин жакындары.
ТИМ Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу Азизге юридикалык жардам көрсөтүп, милиция, дарыгерлер менен байланышып, бул ишке диаспора да тартылганын белгиледи.
"Казакстандын укук коргоо кызматкерлери кылмыш ишин козгоп, материалдар сотко өткөрүлдү. Биринчи жыйын 30-майда өтүп, ага КР Башкы консулдугунун өкүлдөрү катышмакчы", — деп жазылат маалыматта.
Эки өлкөнүн тең соцтармак колдонуучулары мекеменин күзөтчүсү эркиндикте жүргөнүнө нааразы экенин жазышууда. Ошондой эле окуяга кайдыгер карап койгон милиция кызматкерин жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатышат.