БИШКЕК, 24-май — Sputnik. АКШ бийлиги Сирияга салынган айрым санкцияларды 180 күнгө токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргенин РИА Новости жазды.
Чечим Дамаскини электр энергиясы, суу жана гуманитардык жардам менен камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
"АКШ президентинин (Дональд Трамптын — ред.) Сириядагы санкцияларды жумшартуу убадасына ылайык, санкцияларды 180 күнгө токтотуу чечимин чыгардым… Жеңилдиктер электр энергиясы, суу жана санитардык шарттарды камсыздоого, ошондой эле Сирия боюнча гуманитардык жардамды натыйжалуу жеткирүүгө көмөк болот", — деп айтылат Рубионун билдирүүсүндө.
Мамкатчынын айтымында, бул чечим АКШ менен Сириянын ортосунда жаңы мамилелерге жол ачкан алгачкы кадам болуп саналат. Ал президент Трамп Дамаскинин артыкчылыктуу багыттар боюнча "тез арада чара көрүүсүн" күтүп жатканын белгиледи.
Трамп Сирияга карата санкцияларды алып салуу тууралуу чечимин Эр-Рияддагы сапарында Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуулардан кийин айткан.
Ошондой эле Трамп Сириянын лидери Ахмед аш-Шараа менен жолукан. Сириянын тышкы иштер министри Асаад аш-Шибани бул чечимди "сирия эли үчүн бурулуш" деп сыпаттап, өлкөнүн калыбына келүү жолунда ири кадам экенин белгиледи.