Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Зеленскийдин легитимдүүлүгү эми документтерге кол коюуда даана билинет

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Владимир Зеленскийдин легитимдүүлүгү боюнча маселе украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча документтерге кол коюуда чоң мааниге ээ болот. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматта министрдин улуттук иденттүүлүккө арналган конференцияда сүйлөгөнү айтылат.
"Зеленскийдин жана анын режиминин мыйзамдуулугу боюнча позициябызды президент так көрсөттү. Ал тараптардын баарына туура келген шарттарды макулдашуу үчүн Зеленский жана анын администрациясы менен сүйлөшүүдөн баш тартпай тураныбызды белгиледи. Ал эми кол коюуга келгенде, мына ушул жерде Зеленскийдин легитимдүүлүгү боюнча маселе чечүүчү мааниге ээ болот. Анткени эгер эч ким ишенбеген, бийлигин тааныбаган адамдар кол койсо, алардан кийин өлкө башына келгендер макулдашуудан күмөнсүп калышы мүмкүн", — деди Лавров.
Министр токтолгон маселелер:
Россия Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө даяр экенин дайым айтып келген, биз эч качан мындан баш тарткан эмеспиз;
Россия ушу тапта украин чырын жөнгө салуучу меморандум боюнча иштеп жатат;
Москва Киев менен сүйлөшүү ниетинде, экинчи раунд болот, мунун өзү жакшы жаңылык;
кезектеги жолугушуунун убакыт-сааты аныктала элек, аны Ватиканда өткөрүү реалдуулуктан алыс;
Украина АКШ аны түбөлүк колдойт деп ишенген, бирок Трамп "бул менин согушум эмес" деген позицияда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европадан АКШ курал берүүнү токтоткон соң Украинаны эмне күтөрүн айтышты