ЕЭК министри: миграциялык көзөмөл менен эмгек укуктарын сактоодо баланс болушу керек

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. ЕАЭБ алкагындагы эмгек миграциясы уюм түзүлгөндөн бери 30 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын министри Бахыт Султанов билдирди.
Министр Бакуда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн миграция боюнча мекемелеринин жетекчилери катышкан жыйында ЕАЭБ ичинде эмгек миграциясы жылдан-жылга өсүп жатканын айтты.
"Уюм түзүлгөндөн бери жумуш издегендердин агымы 30 пайызга көбөйдү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 1 миллион адамдан ашты", — деди Султанов.
Ал ошондой эле биримдикке кирген өлкөлөр адистерди тартуу үчүн бирдей чараларды көрүп жатканын, санариптештирүү да жакшы өнүгүп жатканын белгилеген.
"Миграция агымын көзөмөлдөө менен катар эмгек мигранттарынын укуктарын сактоо ортосунда тең салмактуулук болушу шарт. Мыйзам демилгелери ЕАЭБ келишимине каршы келбеши керек", — деп эскертти ал.
Кыргызстан менен Россия ЕАЭБ ичинде кесиптик квалификацияны таанууну талкуулоодо