Банктарды алдамчылыкка каршы чараларды иштеп чыгууга милдеттендирүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Банктарды алдамчылыкка каршы чараларды иштеп чыгууну милдеттендирүү каралууда. Документти Улуттук банк демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Максаты алдамчылыкты алдын алуу экени белгиленген.
Токтом долбоорундагы маанилүү учурлар:
алдамчылыкка каршы система (антифрод системасы) киргизүүгө милдеттендирилет;
алдамчылыкка каршы саясатты иштеп чыгып, директорлор кеңеши тарабынан бектилиши керек;
шектүү опперацияларды банк автоматтык түрдө же түз текшерип, жыйынтыгы боюнча маалыматтарды беш жыл сакташы шарт;
банктарга шектүү операцияларды 30 күнгө чейин токтотуп турууга укук берилет. Ал эми кардарларга мобилдик тиркеме, сайт аркылуу алдамчылык тууралуу билдирүү калтырууну ыңгайлуу кылышы керек;
шылуундукка байланыштуу идентификаторлордун (номер, QR-код жана эсептер) реестрин түзүп, алардан жасалган транзакциялар автоматтык түрдө четке кагылышы зарыл;
алдамчылыкка каршы системанын натыйжалуулугун текшерип, анын жыйынтыгын Улуттук банкка квартал сайын жөнөтүп турушу шарт;
банк тыюу салынган идентификатор менен транзакция жүргүзүп эрежелерди бузса, анда ал кардарга келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирилет.
Батирин мажбурлап саттырып... Бишкекте аялдын көп акчасын алдап алгандар кармалды