БИШКЕК, 23-май — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн Миграциялык органдарынын жетекчилеринин кеңеши Бакуда XXIX отурумга чогулуп, анда 12 маселе талкууланды. Бул туурасында КМШ интернет-порталы билдирди.
Иш-чарага Евразиялык экономикалык комиссия менен Профсоюздардын жалпы конфедерациясынан өкүлдөр байкоочу катары чакырылган.
Отурумда мүчө өлкөлөрдүн миграция жаатындагы мыйзамдарында болгон өзгөрүүлөр талкууланып, шериктештиктин миграциялык органдарынын өздөрүнүн жана эл аралык уюмдар менен иштешүү тажрыйбалары тааныштырылган.
Кыргызстандын "Санарип көчмөн" макамын чет элдик жарандарга берилүүсү жана "Мекен картанын" иштеши боюнча айтылып, тажрыйбалар көрсөтүлдү. Андан сырткары, Казакстандын онлайн-документтештирүү, Өзбекстандын өз аймагында жарансыздыкты кыскартуу жаатындагы программалары тууралуу да сөз жүрдү.
Катышуучулар аталган кеңештин 2024-жылы пландалган иштеринин канчасы ишке ашканын, майнаптуулугу боюнча отчетту угушту. 2025-2026-жылдары жасалчу иштер, отурумдардын, жолугушуулардын графиги бекитилди.
Россиянын ички иштер министринин орун басары Андрей Кикоть КМШга мүчө өлкөлөрдүн миграциялык органдарынын башчылар кеңешине төрага болуп шайланды.