БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин онлайн-мектеби 5-10-класстын балдарын окууга чакырды. Бул тууралуу Россиянын Оштогу илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Маалыматка ылайык, окуу акысыз жана аралыктан болуп, чет өлкөлөрдөгү балдарга багытталган. Мектепти аяктагандарга мамлекеттик үлгүдөгү аттестат берилет.
"Долбоордун аналогдору жок, ал дүйнө боюнча орус тилдүү окуучулар үчүн түзүлгөн. Сабактар орус тилинде болуп, дүйнө таанымды кеңейтүүгө жана ой жүгүртүүнү өрчүтүүгө багытталган," — деп айтылат маалыматта.
Катталуу үчүн шилтеме аркылуу жеке кабинет түзүп, документтер жүктөлөт. Андан кийин орус тили жана математика боюнча сынак тапшырылары айтылды.
Документтер 6-майдан 20-июнга чейин кабыл алынмакчы.