БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Ramada Resort by Wyndham Issyk-Kul бренди алдында спорттук мейманкана комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлик менен "Жарташ" ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык макулдашуу түзүлгөн.
"Инвесторго салыктык жана бажы жеңилдиктери берилип, административдик коштоо көрсөтүлөт. Бул Кыргыз Республикасынын жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен ачык жана узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экендигин көрсөтөт", — деп жазылган маалыматта.
Комплекстин негизги өзгөчөлүктөрү:
250-300 номерден турган мейманкана;
олимпиадалык жана машыгуу бассейндери;
спорттук жана реабилитациялык залдар;
эл аралык иш-чараларга ылайыкташкан аянтчалар;
200дөн ашык жумуш орду.
Бюджетке 10 жылда 9 миллион доллар түшөрү күтүлүүдө.