Айлык акыны айрым учурларда накталай төлөөгө уруксат берилди. Шарттары

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Министрлер кабинети белгилүү шарттарда кызматкерлердин эмгек акысын накталай төлөөгө уруксат берди. Токтом “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.
Чечим Эмгек кодексинин 91-беренесине ылайык кабыл алынып, банктын инфраструктурасы жетпеген жерлерде жана айрым өзгөчө кырдаалдарда акчалай эсептешүүгө шарт түзөт.
Накталай айлыкка уруксат берилчү учурлар:
банк кызматтары жок жерде иштеген кызматкерлерге;
сезондук талаа жумушчуларына;
эгер ишкананын эсебине камак салынса;
турак жай шериктштиктеринин кызматкерлерине (2026-жылга чейин);
айыл чарба кооперативдеринде иштегендерге.
Ошол эле учурда иш берүүчүлөр салыкты жана жумушчулардын эмгек укуктарына байланыштуу милдеттерди аткарууну улантууга тийиш. Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, эмгек акыны банк карталарына гана которууга милдеттендирген норма былтыр октябрда кирген. Анын максаты накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү экени айтылган.
Министрлик альтернативалык кызмат өтөөнүн акчасын көтөрүүнү сунуштады