БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылынын мектебинен түндө өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо саат 02:34тө чектөөгө алынып, 03:34тө толук өчүрүлгөн. Ал үчүн жалпысынан жети күжүрмөн эсеп, бир суу ташуучу унаа, бир автошаты тартылган.
Болжол менен 1800 чарчы метр аянт өрттөнүп, жабыркагандар жок экени айтылды.
Мектеп жеке менчик болгону кошумчаланды.