ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдөн бир күндө бир тонна таштанды алып чыгышты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдөн тонналаган таштанды алып чыгышты.
20-майда суучулдар 17 метр тереңдикке чумкуп, радиусу 50 метр болгон аймактан бир тоннадай таштанды жыйнашкан.
Министрлик белгилегендей, мындай тазалоо иштери акыркы эки жылдан бери жайы-кышы дебей тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Өткөн жылы 435,9 гектар көлдүн түбүнөн 14,1 тонна таштанды жана 112,1 миң метр балык тору чыгарылган. Ал эми быйыл 29 гектар жер 3,5 тонна таштанды менен 9,9 миң метр тордон тазаланды.
Көлдүн түбүнөн тонналаган таштанды менен миңдеген метр торлор дагы деле чыгууда